Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.03.2018 20:16

Ысык-Көлдө эмгек сиңирген машыктыруучу М.Саралиновдун элесине арналган футбол мелдеши өттү

Turmush -  Ысык-Көл районунда футбол боюнча биринчилик уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы. Мелдеш РИИБ тарабынан уюштурулуп, ал КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Саралиновдун жаркын элесине арналды.

Мелдештин ачылышында Мурат Саралиновдун элге кылган эмгеги эскерилип, анын өмүрү үлгү катары айтылды. Мелдешке Ысык-Көл районундагы укук коргоо органдарынын командалары катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Мурат Саралинов 1961-жылдын 22-майында Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында туулган. Ал КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, II класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×