Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.03.2018 16:31

Ысык-Көлдө Нооруз майрамына карата «Кыргыз айылы» иш-чарасы өтүп, сүмөлөк бышырылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан №85 кесиптик техникалык лицейдин мугалимдер жамааты Нооруз майрамына карата «Кыргыз айылы» аттуу иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында мугалимдер сүмөлөктү өз жөрөлгөлөрү менен таң аткыча кайнатышып, ал жерде билим алган студенттерге сүмөлөк бышыруунун эрежелерин айтып беришти.

Лицейдин директору Асыл Орозобекованын айтымында, иш-чарага ар бир курстун студенттери мугалимдери менен бирдикте катышып, улуттук баалуулуктар болгон буюм-тайымдарды, өздөрү жасаган тамак-ашты көрсөтмөгө коюп, команданын ар бири каада-салттарды көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты жаш муунга улуу мурастарды барктоого, аны унутпоого үндөө.

«Сүмөлөктүн үстүнө боз үйлөрдүн көп сүрөтү түшүптүр. Бул өлкөбүздөгү кут, берекенин, ооматтын белгиси. Бул сүмөлөктү Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин окуучулары жана эмгек жамааты даярдады. Майрамдын алкагында боз үйлөр тигилип, унутта калган каада-салттар көргөзүлдү. Ошондой эле, улуттук тамак-аштардын сынагы өттү.

Мындан тышкары, «Мен жана мугалимим» сынагы уюштурулуп, биринчи орунду алган тайпаларга сыйлык катары Каракол шаарына тарыхый жайларга жана музейлерге саякаттоого жолдомо берилди», - деп билдирди жетекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×