Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.03.2018 14:07

Россиянын президентин шайлоодо Караколдо В.Путинге 467 добуш берилди

Turmush -  Россиянын президентин шайлоого Караколдогу шайлоо тилкесине россиялык 520 жаран келди. Бул тууралуу КМШнын Кыргызстандагы байкоочулар миссиясынын өкүлү Айбек Сатиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо шаардагы №8161 шайлоо тилкесинде өттү. Анда эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Анда жалпы 1080 бюллетень даярдалган. Алардын ичинен 520 бюллетень колдонулду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

- Владимир Путин — 467 добуш;

- Павел Грудинин — 32 добуш;

- Владимир Жириновский — 13 добуш;

- Максим Сурайкин — 4 добуш;

- Сергей Бабурин — 1 добуш;

- Борис Титов — 0 добуш;

- Григорий Явлинский — 0 добуш;

- Ксения Собчак — 0 добуш.

3 бюллетень жараксыз деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×