Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.03.2018 16:20 На русском

Арабдар колун сураган модель: Көлдүк Перизат «Дубай сулуусу-2018» сынагынын финалына 200 кыздын арасынан тандалды (видео, фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бириккен Араб эмирлигинде эмгектенип жаткан Перизат Самыйбекова.

Төрт тилде эркин сүйлөгөн Перизат Самыйбекова финалдык бөлүк 31-мартка белгиленген «Дубай сулуусу-2018» сынагына Кыргызстандын атынан катышып жатат. Ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1990-жылы төрөлүп, Ак-Суу районундагы орто мектепти аяктаган.

«Ак-Суудагы мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктап, андан соӊ Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку билим алгам. Ошондо бюджеттик бөлүмгө өткөндө апам сүйүнгөнүнөн ыйлаган эле. Өзүмдүн кесибим мугалим, котормочу.

Буга чейин моделдик тармакта иштеген эмесмин жана бул иш менен алектенүү менин планымда жок болчу. Окуучу кезде музыкалык мектепте да окугам. Комузду жакшы чертем. Мындан улам бардык иш-чараларга активдүү катышчумун. Ысык-Көлгө коноктор же президент келгенде кыргыз көйнөк кийип, меймандарды тосуп чыкчумун. Ошондо көп адамдар "балет бийчисиңби же моделсиңби?" деп сурай беришчү. Азыр ар кандай компаниялар "сүрөткө түшүп бер" деп чакырышат. Жакында эле Дубайда клипке тартылдым. Көп ырчылар Дубайда клип тартышат, себеби дүйнө боюнча эӊ кооз шаар болуп эсептелет эмеспи.

Дубайга келгениме 1,5 жыл болду. Алгач жумушка киргенде шейх араб менен колумду берип саламдашкам. Алардын салты боюнча шейхтерге ийкемдүүлүк менен кайрылуу керек экен. Андан кийин менеджер эрежелерди түшүндүрүп айтып берди. Жетекчибиз абдан жакшы адам. Ар дайым жумушчулардын көӊүлүн көтөрүп, тамашалап сүйлөп турат. Менин колумдан жасалган чайды ичкенди жактырат. Чай ичкиси келгенде менден "шуай чай хэлуиин" деп сурайт. Баарыбыз күлүп калабыз. Мен учурда эки жумушта иштеп жатам. Биринде ишкердин ассистенти болсом, экинчисинде модель болуп эмгектенем.

Албетте, Дубайга жаӊы келгенде кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мындай көрүнүш баарында эле болот эмеспи. Башында 3-4 ай кыйналгам. Эч кандай агенттиктерсиз жумуш издеп, кээде эч нерсе жебей ачка калган күндөр болгон. Бирок мен башында кыйналганымды апам сарсанаа болбосун деп андан жашырып койчумун. Бул жакта өзүмдү жакшы алып жүргөнгө аракет кылам. Өзүбүздүн кыргыз каада-салтыбызды, намысыбызды коргоп, апамдын, бир туугандарымдын жүзүн жер каратпаганга аракет кылам», - деди ал.

Мекендешибиз учурда Дубайдагы сулуулар сынагына кызуу даярданып жатат.

«Ноябрда өткөрүлгөн сулуулар сынагына жалпы 200 кыз катышып, азыр финалга 20 кыз калдык. Кыргызстандын атынан 3 кыз болчубуз. Анын экөө кетип, мен жалгыз катышып жатам. Бул жакта сынак калыс жана акыйкат өтөт экен. Кыргызстандан башка Тажикстандан 2, Россиядан 2, Азербайжандан 2, Казакстандан 2, Молдовадан 2 кыз калды. Бул жылы аталган сынак Дубайдагы эӊ чоӊ масштабдагы иш-чара катары белгиленет. Финал 31-мартта болот.

Дубайда "мага турмушка чык" деп колумду сурагандар бар. Бирок мен башка улуттун жигитине күйөөгө чыкпайм деген принцибим бар. Мен үчүн кыргыз жигиттери биринчи орунда турат. Кыргыз тилин жакшы билем, бирок көп тилде сүйлөгөндүктөн кыргызча такалып сүйлөйм. Учурда англис, түрк, араб, немис, орус тилдерин билем.

Белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиев таякем болот. Үйдө баары комуз чертип, ырдашат. Бул өнөр каныбызда бар. Ал эми бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Мисалы сөйкө жасап, кийим тигем. Ошондой эле салат, тамак-аштардын түрүн жасап, дасторкондун көркүн ачууну жактырам», - деди ал.

Мекендешибиз жайында Кыргызстанга Дубайдан конокторду ээрчитип келе турганын кошумчалады.

«Бул жакта кулакка жагымдуу үн — азан. Кайгырып же чарчап турганда азан уксам эс алып калам. Шаар абдан кооз, бирок Кыргызстанга жетпейт. Албетте, мекенимди сагынып кетким келет. Бирок жумуш жакшы болгондуктан бул жакта иштөөгө туура келип жатат. Эгер бизде да ушундай шарттагы жумуштар болгондо өлкөмдө эле жашамакмын.

Келечекте көп максаттарга умтулам. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга аракет кылам. Кудай буюрса ушул жайда Кыргызстанга конокторду алып барам. Анда Дубайдын башкы адамдарына Кыргызстанды көрсөтөбүз. Азырынча алардын атын атабай турайын», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×