Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.03.2018 08:15 На русском

Тоңдогу катуу шамал 15 үйдүн чатырын учуруп, короодогу дубалдар кулады (фото)

Turmush -  Тоңдун Көл-Төр айылында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жараксыз болду. Turmush басылмасынын кабарчысына айыл тургундары билдирген маалымат боюнча, кечээ, 18-мартта саат 15:00 чамасындагы катуу шамал болжол менен 15 үйдүн чатырын учуруп кетти. Айрым үйлөрдүн короосундагы дубалдар урап түшкөн.

Шамалдын кесепеттерин тургундар жергиликтүү бийликке кабарлап, район акими жана адистер окуя болгон жерге барды. Бирок тургундар турак үйлөрүн камсыздандырбагандыктан азырынча мамлекет тараптан жардам берилбейт. Учурда жашоочулар турак жайларын калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жатышат.

Бул айыл район борборунан 35 чакырым алыста жайгашып, 231 түтүндө миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×