Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө 102 жаштагы Мистекан Урманбетова каза болду

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын 102 жаштагы тургуну Мистекан Урманбетова каза болду.

Айылдаштарынын айтымында, М.Урманбетова 1916-жылы Кытай жергесинде төрөлүп, 2 жашка чыкканда ата-энеси менен кичи мекенине келген. Мистекан апа өз учурунда оорукта күжүрмөн эмгектенип, кийин мал чарбасын өнүктүрүүгө да салым кошкон. Эмгеги бааланып, бир катар ардак грамоталарга ээ болгон.

Ал жолдошу менен 6 баланы тарбиялашкан. Учурда уул-кыздары ар тармакта эмгектенип келишет. Мистекан апага Барскоон айыл аймагы «Ардактуу атуул» наамын ыйгарышкан. 102 жашка чыкан М.Урманбетова 11-мартта каза болуп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Барскоон айылында өттү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1230
Көп окулду
×