Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Ак-Сууда мыйзамсыз кыйылган 2,5 куб кызыл карагай жүктөп бараткан кичи автобус кармалды (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз кыйылган 2,5 куб кызыл карагай жүктөп бараткан кичи автобус кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын аймактык бөлүмү 13-мартта жүргүзгөн рейд учурунда белгилүү болду.

Анда текшерүү үчүн жүк ташуучу кичи автобус токтотулган, ичинде 2,5 куб кызыл карагай бар экени аныкталган.

Башкы инспектор Б.Санбаевдин айтымында, айдоочу жана жүргүнчү түшүнүк кат жазышты. Унааны Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну Э.А башкарып бара жаткан, ал эми жүргүнчү айыл тургуну Б.Б экени такталган.

Айдоочунун айтымында, бирөөлөр телефон чалып 3,5 миң сомго карагайды Караколго жеткирип берүүнү өтүнүшкөн.

Адистер жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, кызыл карагайлар мыйзамсыз кыйылгандыгын аныкташкан. Эми бул боюнча инспекторлор Боз-Учук токойчулугуна барып териштирүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тийиштүү чара көрүлөөрүн маалымдашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1311
Көп окулду
×