Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө эки бир туугандын балдары үй талашып, 8 жылдан бери соттошууда (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну, пенсионер Гүлжамал Апсеитова каза болгон энесинин мүлкүн алуу үчүн 8 жылдан бери соттошуп келе жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Апасы Уулкелди Жунушева 2003-жылы каза болгон. Апасы каза болгондон кийин анын 30 сотых жери менен турак үйүн 2006-жылы өзүнө мураскор катары өткөрүп алган.

Бирок, 2008-жылы тайкесинин уулу Өмүрбек Жунушев сотко кайрылып, ал үйдү 2001-жылы 50 миң сомго баалап сатып алганын айткан. Бул боюнча алар 8 жылдан бери соттошуп келишет. Талашка түшкөн үй Темир айылында жайгашкан.

Эми Г.Апсеитова бул маселе боюнча жакын арада мамлекет башчыга кайрылууну көздөөдө.

Өз кезегинде Өмүрбек Жунушев үйдү эжеси Уулкелди Жунушеванын көзү тирүү кезинде 50 миң сомго баалап сатып алып, мал берип кутулганын жана үйдүн 12 сотых жеринин кызыл китеби бар экенин айтат. Айыл тургуну райондук прокуратурага да кайрылган.

Ал эми райондук прокуратурадан аталган маселе боюнча тергөө жүрүп жатканын билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1226
Көп окулду
×