Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 13.03.2018 18:11 На русском

Жөлөк пул кайрадан талкууда: Нарындын башчысы элди ызы-чуу кылган социалдык кызматкерлерди кубалоо керектигин айтты (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 12-март күнү Нарын шаарында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын катышуусунда жөлөк пул боюнча жаңы мыйзам долбоору талкууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, министр Таалайкүл Исакунова Нарынга иш сапары менен келип, жергиликтүү активисттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жөлөк пул алуучулар менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө министр жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзамдын айрым учурлары каралгандыгын жана өзгөртүлгөндүгү боюнча маалымат берди. Андан соң тургундар жөлөк пулдар боюнча бир нече талаптарды коюп, жаңы мыйзамга пенсияны киреше булагы катары киргизбөө, үй эмеректерди тизмеге албоо, жөлөк пулга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү гана көрсөтүү жана аны 18 жашка чейинки балдарга берүү маселесин көтөрүштү. Ошондой эле, тургундар бул маселелер боюнча тегерек столдор, жолугушуулар болгонун жана анда айтылган талаптар министрликке жетпегенин белгилеп, Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерине бир катар сын пикирлерди билдиришти.

«Силер кат жазганды билесиңерби? Элди чогултуп, кайрылуу жолдогонду билесиңерби? Өткөндө Нарында талкуу болду. Ошондо "ушундай суроолор болуп жатат, биз изилдеп көрдүк, бул талаптарга макулбуз" деп келиш керек эле. Тургундар туура айтып жатышат. Силер эч нерсе кылбай, айлык алып иштеп жатасыңар. Баарыңарды кубалаш керек. Элди чыгарып, ызы-чуу кылган силерсиңер, иштебей жатканыңар үчүн ушуга барып жатышат. Бүгүнкү жолугушууга келип, мен эс алууда болчумун дейсиңер. Атайын чогулгандан кийин даярданыш керек. Даярданбай туруп, эмнеге бул жерге келдиңер?

Урматтуу министр Таалайкүл Базаркуловна, мен ири райондордон, шаардан анализ жасап, сунуш берем. Алардын кетирчүсүн кетирип, алчусун алыш керек. Иштебеген кызматкерлердин кесепетинен, элдер дагы деле түшүнбөй көчөгө чыгып жатышат», - деди облус башчысы Аманбай Кайыпов.

Ал эми Т.Исакунова жөлөк пул боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамдын айрым жерлери түзөлгөнүн билдирди.

«Өзүңүздөр билгендей, өткөн жылдын июль айында мыйзам тез арада кабыл алынгандыктан кичине кемчиликтер болуп калган. Мунун негизинде жер-жерлерде, анын ичинде Нарын жергесинде нааразычылыктар болуп келүүдө. Ошондон улам биздин министрлик жер-жерлерде элдер менен жолугушуу өткөрдү. Мыйзам чыгаруу жана аны аткаруу убакытты алат, ошого карабай жер-жерлерде талкууларды жүргүзүп жатабыз.

Жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын айрым жерлерин түзөөгө алдык. Азыр жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилиши керек деген талаптар коюлуп жатат. Мындан тышкары "пенсия кирише булагы катары кирип, жөлөк пул ала албай калат экенбиз" деген талап болууда. Бул жерден бир нерсени белгилеп кетейин, 30-40 миң сом пенсия алгандар дагы бар. Мына ушундай маселе жаралгандыктан эл аз өлчөмдө пенсия алгандардын каражаты кирише катары кирбесин, ал эми жогорудагы айтылган көп суммадагы пенсия алгандардын каражаты кирсин деп айтып жатышат. Биз дагы бул талапка макулбуз.

Буга чейин ар бир үй-бүлөнүн мүчөсүнө жалпы киреше 900 сомдон каралып жөлөк пул берилип келсе, азыркы учурда биз бул сумманы карап, киреше 1400 сомго жетпесе жөлөк пул чектелет деп жатабыз. Буларга аз өлчөмдө пенсия алгандар дагы кирет», - деди Т.Исакунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×