Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук мал доктур У.Талканов жасалма уруктандыруу жолу менен алынган малдын өзгөчөлүгүн айтып берди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну, мал доктур Улан Талканов малды жасалма жол менен уруктандырып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, район боюнча жасалма жол менен 260 уй уруктандырылып, 150дөн ашык таза кандуу мал алынган.

«Асыл тукум малга көбүрөөк басым жасайбыз. 2014-жылы С.Жумакадыров ушул долбоорду баштаган, ошонунун негизинде иштеп жатабыз. Баш-аягы 260 уйду жасалма жол менен уруктандырдык. Анын ичинен 150дөн ашыгы таза кандуу, эт жана багытындагы мал алдык. Азыр жергиликтүүлөр малды жасалма жол менен уруктандырууга кызыга башташты. Биз менен тыгыз иштеп жатышат.

Биз Балыкчы шаарына жана Покровка шаарчасына чейин барабыз. Бул иштин жыйынтыгы жакшы болууда. Асыл тукум букалардын салмагы 1 тоннага чейин чыгат, ургаачылары 800 кг салмак берип жатат. Биз уйларды жасалма жол менен уруктандыргандан кийин 2 ай сайын келип, каттоого алып, текшерип турабыз. Өзүм короодогу уйду дагы жасалма жол менен уруктандыргам. Ал тууган музоого 3 ай болуп калды. Жасалма уруктандыруу жолу менен алынган мал баары бир айырмаланып турат. Мисалы, бул музоону жөнөкөй музоолор менен салыштырганда бою 6 айлык музоодой болуп турат. Келечекте асыл тукум уйлардын санын көбөйтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2517
Көп окулду
×