Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Жаш талант: Комуз чертип, дастан айткан Нурия Роза Амановадай ырчы болгусу келет (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылындагы Мырзакматов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нурия Бейшембаева комуз чертип, дастан айтып, элдик ырларды аткарууну өздөштүргөн.

Өзүнүн айтымында, ал белгилүү ырчы жана дастанчы Роза Аманованын аткаруусундагы дастандарды аткарып, ал сыяктуу ырчы болууну кыялданат. Ошол максатына жетүү үчүн ал Каракол шаарындагы балдардын билим борборуна айылдан бери келип, комуз ийримине катышууда.

Нурия Бейшембаева балдардын билим борборунун комуз ийриминин жетекчиси Осмонова Рахат Карыпбаеванын жетекчилигинде нотаны үйрөнүп, ырчылык, дастанчылык өнөрүндө ийгиликтерге жетишип баштады. Өткөн жылы «Ысык-Көл жылдыздары» кароо-сынагына катышып, дастан айтуу боюнча 2-орунду ээлеген. Учурда ал жайында өтө турган «Ысык-Көл жылдыздары» кароо-сынагына кызуу даярданып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 981
Көп окулду
×