Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.03.2018 09:34 На русском

Мекендештер: Ысык-Көлдүк 17 жаштагы Севара Нью-Йоркто окуп, сүрөтчүлүк өнөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Караколдук 17 жаштагы Севара Урманаева АКШда окуп, сүрөт тартуу менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Нью-Йорк штатынын Буффало шаарында 10-класста окуп жатат. Бул жакка Флекс программасы аркылуу 1 жылга келген.

«Кичинекей кезимден эле сүрөт тартууну жактырам. Жакында эле бир сүрөтүм галереядагы көргөзмөгө тандалып алынды. Азырынча сүрөтчүлүк тармакта ийгиликтүүмүн деп айта албайм. Бирок сүрөтчүлүк менен олуттуу түрдө 14 жашымдан тарта алектене баштагам. Портреттерди тартууну жактырам. Негизинен жакындарымды, досторумду тартчумун. Сүрөттү бат-баттан тартып турам, себеби мектепте арт сүрөтчүлүктө окуйм.

Ошондой эле, макияж кылууну жактырам. Муну менен профессионалдуу түрдө алектенүүнү ойлонуп жатам. Башка мамлекетте буга тийиштүү убакыт бөлүү оор болот. Себеби сен бул жакта окуу, спорт, жеке иштериң менен алектенип жатып убакыт аз болуп калат. Кээде эч нерсе шыктандырбай, эч нерсе кылгың келбей калган учурлар да болот. Андай учурларда инстаграмга кирип, башка сүрөтчүлөрдүн эмгектерин карап турам. Болбосо көчөгө чыгып, сүрөтүн тарткым келген кызыктуу адамдарды табам. Азыр мунун баары жөн гана хобби. Балким хобби боюнча гана калат. Себеби сүрөт тартуу менин ишим болуп, өзүм үчүн кызыксыз болуп калышын каалабайм. Жөн гана сүрөтчүлүк жөндөмүмдү өнүктүргүм келет», - деди ал.

Сүрөтчү кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×