Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.03.2018 09:29

Айыл турмушу: Түптө 30 жылдан бери чачтарач болуп иштеген А.Жанчороеванын кардарлары үзүлбөйт (фото)

Turmush -  Түп айылында жайгашкан чачтарачта иштеген Айнура Жанчороевадан эртеден кечке чейин, кээде түшкү тамактанууда да кардарлар үзүлбөйт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ал 9 бир туугандын кенжеси, Санташ айылында төрөлгөн. 1988-жылы Муканов атындагы мектепти аяктагандан кийин Түптө чачтарач болуп 30 жылдан бери иштеген. Учурда ал 48 жашта.

«Мен устаттарым Даткайым Теңизбаева менен Саадат Ашыровадан чач кескенди, боёгонду жана химиялаганды үйрөнгөндөн бери ушул кесипти аркалап келем. Өзүм дагы Токмок шаарындагы белгилүү чачтарач Асел Термечикованы үйрөткөнүмө сыймыктанам. Жалгыз бой жашагандыктан эртеден кечке жумушта болгонду жактырам. Келген кардарлар ар кандай курактагы адамдар. Алардын чачын көңүлүндөгүдөй жасап бергенге аракет кылам жана алган акым башкалардыкына караганда кардардын чөнтөгүнө ылайыктуу. Учурда кезекте турган КРнын эмгек сиңирген артисти Рыскан Кашкарбаева мен чачтарач болуп иштегенден бери кардарым болуп эсептелет», - деди Айнура Жанчороева.

Ал эми туруктуу кардары Рыскан Кашкарбаева чачтарачтын иши тууралуу айтып жатып: «Айнуранын чач кескенден тышкары «кыргызчылык» өнөрү бар. Колунда биотогу барбы, айтор чачыбызды жасап жатканда ооруган башыбыз басылып, көңүлүбүз ачылып калат, балдардын жүрөгүн да көтөрө коет», - деди.

А.Жанчороева бош убактысында китеп окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×