Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 23 жаштагы Айгерим Ысык-Көлдө милиция кызматкери болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  23 жаштагы Айгерим Токтосунова агасынан үлгү алып, милиция кызматкери болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарында чоңойгон. Азыр үй-бүлөсү менен Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында жашап жатат. Жарандык кийим менен жүргөн учурда аны күч түзүмүндө иштейт деп эч ким ойлобойт. Атасы Токтосун Иманакунов агроном, апасы Светлана Кожоева эсепчи.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Улуу агам 38 жашта, аскер кызматкери болуп иштейт. Эжем 28 жашта, кесиби боюнча акушер. Андан кийин мен жана эгизим Атай. Атай программист. Кичинебизден эле улуу агабыздан үлгү алып, ошондой болууга аракет кылчубуз. Ал Самарканд шаарындагы аскердик окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштей баштаганда мен да сөзсүз аскер кызматкери болорумду түшүндүм. Мага аскер формасы, тазалык, тартип, тактык жагат», - деди ал.

Каарманыбыз мектепти аяктагандан кийин ИИМдин Академиясында билим алып баштаган. Учурда Ысык-Көл ОИИБдин 2-ротасынын милиция кызматкери.

«Милиция кызматкери болуп калганыма эч качан өкүнгөн эмесмин. Оор машыгуу учурунда да максатка жетишиме аз калганын билип сүйүнчүмүн. Азыр жакшы көргөн кесибим менен иштеп, аны менен катар окуп да жатам. Келечекке көп пландарым бар, аларды акырындан ишке ашырам», - деди ал.

Анын кесип тандоосуна ата-энеси колдоо көрсөткөн.

«Башында жакындарыбыз менин тандоомду билгенде таң калышкан. Анткени алар мени абдан жумшак кыз катары кабыл алышат. Бирок алар мен өзүмдүн пландарымды өзгөртпөй тургандыгымды жана өз кесибим менен иштей баштаганымды билишкенде көнүп калышты. Азыр жакшы иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө ала турганымды айтып жатышат», - деди ал.

Айгерим Токтосунова милициянын кенже сержанты. ИИМде 2016-жылдан бери иштеп келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1334
Көп окулду
×