Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн 4 тургуну бактарды бутап, кыйыштыруу кызматын көрсөткөн топ түзүштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 4 тургуну бактарды бутоо жана кыйыштыруу боюнча кызмат көрсөткөн топ түзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундар Тыныбек Жигитеков, Аваз Тункаторов, Жениш Бейшебаев жана Кадырбек Жапаровдор биригип, атайын окуудан өтүшкөн. Эми алма, өрүк бактарды бутап, кыйыштыруу кызматын көрсөтүүдө. Жаз алды менен алардын кызматын колдонууга кезек күткөндөр арбын болууда.

Бригадир Тыныбек Жигитековдун айтымында, суроо-талап көп болгондуктан кошумча 4 жумушчу алынды.

«Биздин бригада 2017-жылы октябрь айында түзүлгөн. Бригада түзүү боюнча атайын доолбор башталып, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан айылдар тандалган. Биздин айылда алма бак көп болгондуктан бизге келип бригада түзүүнү сунушташты. Себеби буга чейин алма бакты бир аз бутап, элге кызмат көрсөтүп жүрдүк эле. Окууга барып, туура бутоо жана зыянкечтерге, илдеттерге каршы курөшүүнүн жолдорун үйрөндүк. Бизнес план иштеп чыгып, санасак биздин айылда эле иш абдан арбын экен. Ошол себептен окуудан кийин жаныбызга дагы эки адам кошуп, күздөн баштап иштей баштадык. Иш баштар алдында 28 миң сомго жабдык алганбыз. Ноябрь айында эле 6 миң түп бутап жетиштик. Тапкан пайдабыз 38 миң сом болду.

Жаздан баштап биздин бригадага кайрылгандар көп боло баштады. Учурда 30дан ашуу фермерлер кезек күтүп турат. Ошол себептен бригадага дагы 4 бала кошуп, кызматкерлердин санын көбөйтүп жатабыз. Бригада дыйкандарга алма бутоо жана зянкечтерден дарылоо кызматтарын көрсөтөбүз», - дейт ал.

Бакты бутоо акысы бир түпкө 25 сомдон тарта 50 сомго чейин болот. Дарылоо баасы колдонулган каражаттарга жараша эсептелинет.

«Эгерде биопрепараттар колдонулса анда бир аз кымбат болушу мүмкүн. Бригаданын тапкан акчасын биздин эсепчибиз эсептеп, шаймандарга кеткен чыгымдарды эсептеп, калганын кызматкерлерге бөлүп берет», - дейт ал.

Алар жакында 75 миң сомго дары чачкыч жабдык алууга акча топтоп жатышат.

«Биздин бизнес сезондук болгондуктан дыйкандарга алма-өрүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу боюнча кеңеш беребиз. Өзүбүз жакын арада алма бактардын илдеттерине каршы күрөшүү жолдорун окуу боюнча семинарга барып окуп келебиз. Керек болгондо доолбордун агрономун чакырып, кеңеш алып турабыз», - дешти алар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1413
Көп окулду
×