Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.03.2018 17:50

Караколдун «Тазалык» ишканасына 57 жумушчу ишке алынды (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тазалыгын сактоо үчүн 57 жумушчу кабыл алынууда. Анын алгачкылары бүгүн ишке чыгып, борбордук аянтта тапшырма алышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, алар эртеден кечке борбордук көчөлөрдү тазалашат. Аларга эмгек акы катары айына 7 миң 440 сом төлөнөт. Бул үчүн шаардык бюджеттен 8 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

«Алар менен бирге жаз мезгилинин аягында кошумча 23 кызматкер көп кабаттуу үйлөрдүн короосун тазалоого алынат», - деп билдиришти «Тазалык» ишканасынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×