Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Тагдыр: Буту баспаган 14 жаштагы Орхан мектепке баруу үчүн квадроциклин оңдоп берүүнү өтүнүүдө (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын 14 жаштагы тургуну, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Орхан Самыйбеков кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Орхан тубаса майыптыгынан улам баса албай, балдактын жардамы менен бутун сүйрөп, бир аз кыймылдайт.

Келечекте ырчы болгусу келген Орхан 4 бир туугандын улуусу. Ал жашаган үй менен мектептин аралыгы 1,5 чакырым болгондуктан, ата-энеси көп жылдан бери акча чогултушуп, 40 миң сомго квадроцикл сатып беришкен. Акыркы 4 жылдан бери мектепке өзү барып келчү. Бирок жарым жыл мурун квадроцикли бузулуп калып, мектепке барууга кыйынчылык жаралууда. Ага карабай Орхан коомдук иштерге катышууга аракет кылып келет.

Атасы мектепте от жагуучу жумушчу болуп эмгектенип, айына 3500 сом алса, апасы Айжамал кичинекей баласы менен үйдө. Орхан квадроциклин оңдотуп бере ала турган адамдардан жардам күтөт. Ал квадроцикли менен мектепке баргандан тышкары эс алуу учурунда жол жээгинде өрүк сатып, мектепке керектүү кийим-кечеге каражат топтоп алчу.

Жардам берүүнү каалагандар 0709 667 110 номуру (Орхандын апасы Айжамал) аркылуу байланышса болот.

п

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1937
Көп окулду
×