Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.03.2018 16:04

Караколдо майрам күндөрү жол эрежесин бузган 144 айдоочу кармалса, анын 9у мас абалда болгон (фото)

Turmush -  Каракол шаарында майрам күндөрү жол эрежесин бузган 144 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Каракол шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Т.Дүйшенбиев билдирди.

Анын айтымында, 7-8-март күндөрү рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жол эрежесин бузган 144 айдоочу аныкталса, анын ичинен 9 айдоочу мас абалында рулду башкарып жүргөнү маалым болду.

Рейддин жыйынтыгы менен 14 унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Жол сакчылары айдоочуларды ылдамдыкты чегинен ашырбай, жол эрежесин сактоого чакырышты.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузгандардын көпчүлүгү спирт ичимдиктерин ичип алып, айдоочулук күбөлүгү жок жүргөндөр экени маалым болду», - дейт Т.Дүйшенбиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×