Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Ак-Суудагы окуучулар полдору чирип, урап калуу коркунучунда турган мектепте окуп жатышат (фото, видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Новоконстантиновка айылындагы О.Элебесов атындагы орто мектеп өтө кооптуу абалда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, мектептин имараты 1970-жылы калкан тосмолор менен курулган. 160 орундук метепте учурда 318 бала окуп, 32 мугалим эмгектенет. Бул имараттын колдонуу мөөнөтү 30 жыл деп берилгенине карабай, дээрлик 50 жылдан бери колдонулуп келет. Жыл өткөн сайын абалы начарлап, жер титирөө болсо кулап калабы деп кооптонушат.

Мектептин директору Гүлжан Байсеитованын айтымында, бул мектепте балдар окуганга болбойт деген чечим атайын комиссия тарабынан мындан 3 жыл мурда эле чыккан. Бирок ага карабай, окуучулар эки кезмет менен окуп жатышат.

«Мугалимдерибиздин кесиптик курамы жакшы. Бирок ушул мектепте билим алып жүргөн окуучуларга боор ооруйт. Кээ бир бөлмөлөрдө пол солкулдап турат. Райондук администрация, айыл өкмөт тарабынан аракет жасалып, жаңы мектеп курууга долбоор жазылган. 2016-жылы бизге мектепти куруу 2017-жылдын планына кирет деп айтылган, бирок азыркыга чейин бул маселе чечилген жок. Мектептин имаратын куруучу жер даяр, архитектурасын ченеп, планын чийип кеткенден бери натыйжа боло элек», - дейт директор.

Мугалимдердин айтымында, мектептин чатыры өтө эскиргендиктен жамгыр жааган сайын тамчы тамып турат. Мындан улам ал жерлер саргарып, окуучуларга жагымсыз маанай түзүлөт.

«Көп жылдан бери пайдубалы негизги дубалдан ажырап калган. Полдору чирип калган, ага окуучулардын буттары кирип кеткен учурлар болот. Аны улам бүтөй берип жамаачы болгон жерлер көп. Буга чейин мектепте оңдоп-түзөө иштери бир да жолу болгон эмес. Класстарга киргенде ным жана көк жыттанат. Мектептин дубалы жука болгондуктан окуучулар кирип-чыкканда кыймылдап турат. Дубалдардагы жаракаларды улам шыбай берип тажадык», - дейт мектеп жамааты.

Ал эми айыл тургуну Жыпар Жумакожоева ушул маселенин чечилишин айылдыктар көптөн бери тиленип келишкенин, ошого карабай айылга жаңы мектеп салуу сунушу колдоого алынбай келгенин айтат.

«Бул маселе боюнча айыл эли өкмөт башчыга кайрылып жатабыз. Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өкмөт башчы бул маселени өз көзөмөлүнө алып, чечип берет деп ишенебиз», - дейт ал.

Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев жаңы мектеп куруу аракети жергиликтүү бийлик тарабынан дайыма жүргүзүлүп жатканын айтып: «Бул айылга жаңы мектеп салуу боюнча 2014-жылы долбоор даярдалган экен. Аны республикалык бюджет менен куруу сунушталып, өкмөткө кат жолдонгон. Азыр ал кезекте турганы маалым. Мектепке болжол менен 45 миллион сом каражат керектелет», - деп билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1169
Көп окулду
×