Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.03.2018 13:15

Бөкөнбаев айылындагы жаңы конуштун эли бийликтен үлүш жерди трансформациялоону өтүнүүдө (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылынын Кара-Ой жаңы конушунун тургундары жер участоктору трансформацияланбай жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу жаңы конуштун тургуну Тынчыбек Казиев билдирди.

Анын айтымында, алардын жери 2010-жылдан бери мыйзамдаштырылбай жатат.

«Мен Кара-Ой жаңы конушунун алгачкы тургундарынан болом. Бөкөнбаев айылында 15 миңден ашык калк жашайт. Ошентсе дагы 1987-жылдан 2010-жылга чейин элдерге жер берилген эмес. 2010-жылдан кийин мен 50 жашка чыгып калганда 7 сотых жер тилкесин алгам. Ал жерибиз дагы 2010-жылдан бери трансформацияга кирбей, мыйзамсыз болуп жатат. Үйдү куруп жатабыз, бирок жол, электр энергия, таза суу маселелери чечилбей келет.

Үнүбүз бир аз бийликтегилерге жетип, ошол учурдагы облустун губернатору А.Акибаев электр энергиясына уруксат алып берген. Бир трансформатор коюлуп, электр энергиясын өзүбүздүн күчүбүз менен тартып, кичине болсо да үйүбүз жарык болуп калды. Бирок дагы бир топ оорчундуу көйгөйлөр чечиле элек. Мындан сырткары, буга чейинки үч премьер-министр: Ж.Сатыбалдыев, Ж.Оторбаев, Т.Сариев келип, силердин көйгөйүңөрдү чечүүгө жардам беребиз деп кетишкен, ошол бойдон жыйынтык жок. Кышкысын чөөлөр балдарыбызга кол салбасын деп, балдарыбызды мектепке алып барып, кайра алып келип жаттык. Себеби буга чейин биз жакта чөөлөрдүн кой, тай жеген учурлары болгон.

Эми жергиликтүү бийлик трансформация маселеси чечилсе эле таза суу, жол жана башка маселелер четинен чечиле башталарын айтып жатат. Биздин угушубузча «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими Жогорку Кеңештин үч окуусунан кабыл алынып, экс-президентибиз кол койбой кеткен дешет. Биз азыркы президенттен ушул маселеге көңүл буруп, аталган маселени чечип берүүсүн өтүнөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×