Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.03.2018 11:31 На русском

18 жаштагы жигит жаш кызды сүрөттөрүн таратам деп коркутуп, 2 миң доллар талап кылган (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан жаш кызды коркутуу жолу менен акча талап кылган шектүү жигит кармалды. ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-мартта билдирген маалымат боюнча, текшерүү иштери Биринчи май РИИБге жабырлануучу кыз жардам сурап кайрылгандан кийин башталган.

Арыз ээсинин айтымында, анын телефон номуруна белгисиз адамдар кат жазып, анын катышуусундагы видеолорду жана сүрөттөрдү тарата турганын айтып коркутушкан. Алар аны менен 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 170-берене (опузалоо) менен кылмыш иш козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шектүүнү 600 доллар жана 1800 сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармады. Ал Нарын облусунда туулган 18 жаштагы жигит экени аныкталган. Ошондой эле, анын жанындагы 2 шектүүнү кармоо аракеттери улантылып жатат.

Шектүү үй камагына чыгарылып, тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×