Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.03.2018 10:39

Караколдогу лицейдин окуучулары «Роботфест-2018» фестивалында 2-орунга ээ болушту (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы лицейдин окуучулары Бишкек шаарында өткөн «Роботфест-2018» фестивалында байгелүү орундарга ээ болушту, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестивалда аталган лицейдин окуучулары АRDUNO (сызык эрчүү) категориясынан 3-орунга чыгып, ал эми башталгыч класстын окуучулары OLLO лабиринт категориясы боюнча алтын медаль, OLLO топ топтомой категориясынан күмүш медаль утушту.

Фестивалдын жыйынтыгында К.Карасаев атындагы лицей 2-орунга татыктуу болуп, кубокко ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×