Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.03.2018 10:29

Мекендештер: Жети-өгүздүк Жылдыз Томскта окуп, сүрөтчүлүк өнөрү менен ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Мундуз айылынын 22 жаштагы тургуну Тойчу кызы Жылдыз адамдардын портреттерди тартып, шурулардан ар кандай гүлдөрдү жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Россиянын Томск шаарында инженердик кесип боюнча билим алууда.

«Сүрөткө кызыгуум кичине кезимден эле башталган. Бирок бул шыгымды кийинчерээк өнүктүрө баштадым. Өзүм кол өнөрчүлүккө, өз колум менен кооз буюмдарды жасоого кызыгам. Балким бул нерсе атамдан өтсө керек, себеби атам темир уста. Мектепте окуп жүргөндө мультфильмдердин каармандарын же ошол сыяктуу жеңил сүрөттөрдү тартчумун. Андан сырткары майда шурулардан гүл жасап, колумдан келген өнөрлөрүмдү өркүндөткүм келчү. Кийинчерээк адамдардын портретин тарта баштадым. Адамдардын сөлөкөтүн, алардын сүрөткө түшкөндөгү абалы, маанайы, көз караштарын баракка түшүргөн абдан жагат. Башында өзүмдүн кызыгуум боюнча эле сүрөт тартып жүрдүм. Бирок аларды эч кимге көрсөтчү эмесмин. Кийин гана бул жакка окууга келгенде тарткан сүрөттөрүмдү көрүп калышып, башкалар буйрутма бере башташты. Майрамдарга, туулган күнгө жакындарынын сүрөттөрүн тарттырышат. Сүрөттү бир баштаган соң эртеңки күнгө калтырбай бүтүрүп койгонго аракет кылам. Себеби ар күнү эле бирдей тартыла бербейт. Ошондуктан бош күндөрүмө, сабактарым аз учурда буйрутма алганга аракет кылам. Бир сүрөткө жалпысынан 8-9 саат коротом. Адамдын көзүн тартуу эң кыйын. Эң эле маанилүүсү — көз карашы. Ошондуктан портретти дайыма адамдын көзүн тартуудан баштайм. А4 көлөмүндөгү портреттер 500 рубль, А3 форматындагылар 800 рубль болот. Түстүү калем менен кымбатыраак болот.

Окуумду аяктаган соң мекениме барам. Ал жактан атайын окуу жайга барып, сүрөтчүлүк өнөрүмдү мындан ары да өркүндөтсөм деген ойдомун. Бул өнөрлөрүм хоббим десем болот. Жумушка өз кесибим менен орношом деген пландарым бар», - деди ал.

Сүрөтчү кыз мындан тышкары шурудан гүлдестелерди жасап, 350 рублдан 500 рублга чейин сатат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×