Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.03.2018 10:13

Айыл турмушу: Тилчи К.Карасаевдин карындашы З.Муканованы 60 жаштагы окуучулары куттукташты (фото)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылындагы 88 жаштагы баатыр эне, эмгектин ардагери жана мугалим Зияш Муканованы 60 жашка чыгышкан окуучулары кош майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

1973-жылы Токтоян 8 жылдык мектебин аяктаган окуучулары 45 жылдан кийин эжейи Зияш Мукановага жолугуп, 8-март майрамы жана 11-март туулган күнү менен куттукташып, белектерин тапшырышкан.

Зияш Муканова жолдошу Жусуй Исаев агай экөө Токтоян айылында бирге өсүп, бирге окуп, бирге мугалимдер институтун бүтүрүшкөн. Кийин баш кошуп, 12 балалуу болушту.

«Мен 3 нерсе менен сыймыктанам. Биринчиси — белгилүү тил илимпозу Кусейин Карасаевдин карындашы, экинчиси — Көл өрөөнүнөн чыккан математиктердин династиясы Мукановдордун үй-бүлөсүнөн чыккан математик мугалим болгонума, үчүнчүдөн — Ысык-Көл менен Нарын облустарында 30 жыл бою райполкомдун төрагасы болуп иштеп, тоолуу райондордо жол салдырып, электр жарыгын тарттырып, мектеп салдырып, суу чыгарып, элдин социалдык муктаждыктарын чечип берүүдө кылган кызматы үчүн «Молдоке» атка конгон мамлекеттик жана коомдук ишмер Күчүков Иса атанын келини болгонума», - дейт Зияш эжей.

Ал 11 жашынан кара жумушка аралашкан. Күндүз 7 жылдык мектепте окуп, түн ичинде май чырак менен согуш убагында үрөн тазалаганын, жазда жер тээп, дан өсүмдүктөрүн сепкенин, күздө машак тергенин, фронттогулар үчүн мээлей, байпак түйгөнүн айтып берсе азыркылар үчүн жомок катары сезилет.

«Кайнатамдын аркасы менен каалаган жерде, каалаган иште иштешмекпиз,бирок партиялык принципти сактаган атам бизди андай бекер оокатка көндүргөн жок.Таласка мугалимдикке жибергенде жолдон мени унаа коюп кетип, ооруканадан айыккандан кийин бир балам чарчап калды. 6 кыз, 6 эркек балам аман-эсен. Ошондон кийин небере-чөбөрөмдүн санын айткым келбейт. Кыбыралуу болгону турам. Биздин ар кайсы жерде иштегенибизди балдарыбыздын аттарынан эле билүүгө болот. Талды-Суу айылында төрөгөн баламдын аты Талдыбек, азыр колунда турган баламдын аты Санташ. Келиним экөө баладай кылып багып жатышат...Күнөө көп боло электе акыретке жакындаш керек экенин билип, курандын кыргызчасын, хадистерди окуп жатам», - деди Зияш Муканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×