Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүн Чоң-Таш айылындагы бала бакчанын тарбиячысы баатыр эне болгусу келет (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айылындагы Б.Коралиев атындагы мектепке караштуу «Күн желеси» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 3 тарбиячы жана алардын 3 жардамчысы эмгектенет.

Бала бакчанын жетекчиси Индира Абированын айтымында, бала бакча 2017-жылдын сентябрь айынан баштап 3 сааттык болуп ачылган. Башында 69 бала тарбияланса, азыр кенже, орто, жогорку тайпада 91 бала тарбияланат.

«Бала бакчага Чоң-Таш айыл өкмөтү тарабынан 100 миң сомго желим терезелер, жылуулук насосу коюлуп берилди. Билим берүү министрлиги 107 миң сомго оюнчуктарды алып берди. Ал эми 6 баланын энеси, «Эне даңкы» орденинин ээси, атайын тарбиячылык билими бар Алтын Кантөрөеванын балдарды тарбиялоодогу тажрыйбасы жогору болгону бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө», - дейт Индира Абирова.

Ал эми 38 жаштагы Алтын Кантөрөева Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүткөндөн кийин жердеши Кенжебек Кантөрөевге турмушка чыгып, 5 кыз, бир уулдуу болушканын белгиледи. 3 баласы мектептин окуучулары болсо, Нургыз 5 жашта, Айпери 3 жашта. Алар өзү иштеген бала бакчада тарбияланышат.

Кенже балдардын тайпасында иштеп жаткан Алтын Кантөрөева дагы уул төрөп, баатыр эне болууну кыялданат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 717
Көп окулду
×