Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.03.2018 14:38

Токтоян айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу 4 жылдан бери бүтпөй жатат

Turmush -  Түп районунун алыскы Токтоян айылындагы Ашырбай Коенкөзов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу 4 жылдан бери бүтпөй жатат.

Аталган мектептин директору К.Албановдун айтымында, жаңы имараттын курулушу 2014-жылы башталган. Ал эми, эски имарат 1924-жылы ачылып, колдонууга берилген. Учурда 150 орундуу мектепте 259 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенип жатат.

Мугалимдер эски имарат авариялык абалда деп табылып, 2014-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаңы мектеп курулуп баштаганын белгилешти. Анын сметалык баасы 46 млн сомдон ашык каражатты түзөт. Учурда окуучулар авариялык мектепте окуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×