Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.03.2018 21:13

Түптө 100 жаштагы энени Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн Жылуу-Булак айылындагы 100 жаштагы Жоошкан Чокчоеваны 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, Ж.Чокчоевага жаңыдан уюштурулган «Райондун кадырлуу эмгек каарманы» наамы жана баалуу белектер тапшырылды. Белектерди тапшыруу үчүн райондун акими Элчибек Жантаев, орун басары Эрмекан Дүйшебаева жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров барды.

Жоошкан эне уулу Арык Чокчоев менен келини Жамалкан Байбосунованын колунда, неберелери менен бирге жашайт. Ал жолдошу экөө 5 баланын ата-энеси. Алар 16 небере, 4 чөбөрөлүү болушкан.

«Биз жылкычылардын династиясынанбыз. Алгач М.Элебаев атындагы совхоздун жылкысын бактым. 52 жашымдын 46 жылын ат үстүндө өткөрдүм. Жайында бир күндө 3 мезгилди өткөргөн Сары-Жаз сырт жайлоосунда жылкы багам. Энем дайыма биз менен чогуу боз үйдө жашайт. Жаш көрүнгөнүнүн себеби таза абада жүрүп, бээнин сүтүн ичкенинен деп ойлойм. Ошондой эле, тынч отурбай дайыма кыймылда. Жубайым Жамалкан экөөбүз 4 балабызды бактык деп айта албайбыз. Анткени балдарды энем бакты», - деди уулу А.Чокчоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×