Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.03.2018 15:55

Эл ичи — өнөр кенчи: 12 обондуу ырдын автору болгон Р.Сутенов 30 окуучуга комуз чертүүнү үйрөтүп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 30 жаштагы тургуну Ринат Сутенов 12 ырдын сөзүн жазып, обонун жаратып жана 30 окуучунун устаты болду. Аймактык кабарчы ырчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде фольклор бөлүмүндө билим алган.

«Биз бала кезде «Кылым карыткан күүлөр» деген телеберүү бар болчу. Аталган берүүнү көрүп, абдан таасирленип жүрдүм. 5-класстан баштап Ак-Суудагы К.Досманбетова атындагы музыкалык мектепте Шаршебай деген агайдын колунда комуз үйрөнө баштагам. Кийинчерээк ырчылык өнөргө да кызыгып, Ак-Суу маданият үйүндөгү «Боз салкын» аталышындагы ансамблде 9-класстан тарта комузчу, ырчы, бийчи катары иштеп баштадым. Ошол мезгилден тарта ырчылык өнөр менен алекмин. Комуз, чопо чоор, темир ооз комуз, фортепиано, гитара чертем. Учурда эки телеканалда үн режиссер болуп иштеп жана Бишкектеги №51 гимназияда комуз ийримин жетектеп келем. Эң алгачкы обонумду 11-класста окуп жатканда жараткам. Өзүмдүн апам жаш кезинде жакшы ырдачу», - деди ал.

Ырчы алгачкы «Карындаш» аталышындагы ырын өзү 11-классында окуп жатканда жазып, обон жараткан.

«Эң алгачкы обонум гитаранын коштоосунда жаралган. «Карындаш» деген ырдын сөзүн да, обонун да өзүм жаздым. Ага клип тартканыма 2 жыл болду. Ошондой эле, «Жамгырлуу кеч», «Апакайым», «Ысык-Көл», «Жаңы жашоо», «Жаңы жыл», «Кыргызстан» аттуу ырларга обон жаратып, үн жаздырдым. Өзүмдүн жалпы 12 ырым бар. Алардын бардыгына обонду өзүм жазгам», - деди ал.

Р.Сутенов тойлодо ырдап да кызмат кылат. Ал 30 окуучунун устаты болууга жетишти. «Кээде тойлорго суранып чакырып калышат. Убактым болсо ырдап берем. Көбүнчө тааныштардын тойлорунда ырдап жүрөм. Көбүнчө телеберүүлөрдө, түз эфирде ырдап жатканда толкунданып, ырдын сөздөрүн алмаштырып алган учурлар болот. Концерттерде микрофон талашып калабыз. Сахнадан да ырдын саптарын алмаштырып, таппай калган учур көп болот. Жаратылыш койнунда жүргөндө ыр жазууга эргүү келет. Бирок кээде обон жазышым керек деп максат коем. Ырларды жазып, мыкты комузчу боло алдым. Бир убакта комуз чертүүнү өзүм үйрөнүп жүрсөм, эми келечек муундарга үйрөтүүгө мүмкүнчүлүгүм бар. Азыр 30 окуучум бар.

Эмгегимдин арты менен «Мыкты адис» наамына, көптөгөн мактоо баракчаларга ээ болдум. Бош убакта китеп окуйм, сейилдейм, комуз чертем. Ошондой эле, убакытты чыгармачылык эргүүгө коротконго аракет кылам. Келечекте окуучуларымдан мыкты комузчуларды чыгарууну максат кылам. Жакшы ата болуп, балдарыма татыктуу тарбия берип, аларга бактылуу балалык тартуулап, келечекке туура жол көрсөтсөм дейм. Мындан тышкары, чыгармачылыгымды өркүндөтүүнү максат кылам», - деди ал.

Ырчы жубайы экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×