Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.03.2018 12:06

Түп районунун өнүгүшүнө салым кошкон аялдар сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районунда 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына арналган иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарада райондун алдыңкы айымдары, көп балалуу энелер жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Райондун акими Э.Жантаев 2 аялга Түп районунун «Ардактуу атуулу», 4 аялга «Эмгек каарманы» жана 1 аялга «Мыкты жетекчи айым» наамын тапшырды. Мындан тышкары, ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер берилди. Ошондой эле, 2 айым «Ардактуу инсан» жана «Ардактуу айым» ордени менен сыйланышты.

Иш-чарада жалпы 101 аялга белек тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×