Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Балыкчыда нормаларга туура келбеген жарнамалык такталар алынды

Turmush -  Балыкчы шаарында архитектуралык нормаларга туура келбеген жарнамалык такталар алынды. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлү Айбек Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, туура эмес салынган, аренда акысы төлөнбөгөн, унаалардын жүрүшүнө тоскоол болуп, жолго чейин чыгып кеткен жана эч бир документи жок мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынды. Жалпы 20 дан ашык акт түзүлдү. Демонтаж кылынганга чейин алардын ээлерине кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилген. Демонтаж «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникалары менен жүргүзүлдү. Учурда иш дагы уланууда. Алдыда мыйзамсыз жана убактылуу коюлган күркөлөр дагы алынмакчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Көп окулду
×