Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Балыкчыда айдоочу айымдар белек алышты

Turmush -  Балыкчы ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочу айымдарды токтотуп гүл белек кылышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлү Марсбек Асаналиев билдирди.

«Унаа айдаган айымдарды токтотуп гүл берилди. Айымдар баары жакшы кабыл алышты. Арасында токтоткондо чоочугандары да болду. Мындай белек күтүүсүздөн болгонун жашырышкан жок. Иш-чаранын негизги максаты — айдоочу айымдардын маанайларын көтөрүп, майрамы менен кутуктоо жана ошол эле учурда жол эрежелерин сактоону эскертүү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1327
Көп окулду
×