Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.03.2018 17:33

Фото - Караколдо өзбекстандык аялдар алдамчылыкка шектелип кармалды

Turmush -  Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан «көз тийүүнү жандырам» деген убада менен жергиликтүүлөрдүн алтын буюмдарын, уюлдук телефондорун алдап алган аял кармалды. Бул кылмышты уюштурууга Өзбекстан Республикасынын 42 жаштагы жараны шектелип жатат.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, 8-февраль күнү белгисиз аял 45 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө барып, ишенимине кирүү менен кызматын сунуштаган. Шектүү аял өзүнүн ырым-жырымын жасап жаткан учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү ар кандай үлгүдөгү 4 даана уюлдук телефонду ээлеп алууга үлгүргөн.

Аталган факты боюнча Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Милиция кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, алдамчылык үчүн шектелип кармалган аял өзүнүн шакирттери менен дагы бир катар алдамчылык иштерди жасашы мүмкүн.

Шектүү аялдардан жабыркаган жарандар 0(500) 515 115 номуруна же 102 кызматына маалымдаса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×