Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Видео — Ысык-Көлдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар өздөрүнө айып салды

Turmush -  Жарандык активист Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине өздөрүнө жол эрежесин бузганы үчүн айып салууга мажбурлады. Активист Болот Ибрагимов окуянын видеосун социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.

Аталган видео тасма ЖКККБнын инспекторлору Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында нөөмөт өтөп жаткан учурда тартылган. Тескөөчүлөрдүн кызматтык унаасы (мамлекеттик номуру MVD 088 I) жол чырактын алдына токтотулган.

Активист милициянын старшинасы Эрнист Токтобековдон кызматтык унаа кимге тиешелүү экенин сураган. Ал унаа аталган инспектордуку экенин билгенден кийин анын шеригине барып, жол эрежесин бузганын айткан. Экинчи тескөөчү — ага лейтенант Таалайбек Жумагулов унаа уруксат берилбеген жерге токтотулганын мойнуна алган. Тескөөчү протокол түзүп жана айып салууга макул болгон.

Инспектор өзүнүн шеригинин айдоочулук күбөлүгүн текшерип жана унааны башка жерге токтотууну сураган. Андан кийин ага карата протокол түзүп, 1000 сом айып салды.

Аталган тескөөчү шеригине: «Экинчи мындай токтотпой жүр», - деп кайрылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1784
Көп окулду
×