Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.03.2018 22:20 На русском

Айыл турмушу: Банк кызматкери Ш.Шайлообекова кагаздан 1500 сомго бааланган гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Ширин Шайлообекова гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап сатып, кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кагаздан гүл жасоонун ыкмасын интернеттен үйрөнгөн.

«Гофрокагаздардан жана атлас тасмадан роза гүлдөрүн жасайм. Бул иш менен алектенгениме 2 ай болду. Кичинекей кезимден баштап эле гүлдөрдүн сүрөтүн тартканды жакшы көрөм. Өзүм банкта иштейм. Учурда декреттик өргүүдө болгондуктан гүл жасап көрүүнү чечтим. Сиңдим сулуулук салондо иштейт. Ал "сиз гүл жасаңыз, мен кардар таап берем" деп сунуштап калды. Учурда кардарлар буйрутма менен гүлдөрдү жасатып жатат. 8-март майрамына карата буйрутма көп болгондуктан тынымсыз иштеп жатам. Бир букет гүлдү жасоого 1 сааттан 4 саатка чейинки убакыт сарпталат. Жакында эле 101 роза гүлүн 4 саатта жасап бүттүм», - деди ал.

Ш.Шайлообекова гүлдөрдү көлөмүнө жараша 300 сомдон 1500 сомго чейин баалайт.

«Россиядагы кыргыз жигит буйрутма менен гүл жасатып, Кыргызстандагы сүйүктүүсүнө белек кылды. Бул иш мага абдан жакты. Жумушка чыкканда деле гүл жасоону таштабайм. Келечекте чакан гүл сатуучу дүкөн ачсам деп ойлоп жатам», - деди кол өнөрчү.

Ал 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×