Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Түптө «Абайлагыла балдар» рейди уюштурулду (фото)

Turmush -  Түп районунда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан «Абайлагыла балдар» аталышындагы комплекстүү рейд өткөрүлдү.

ЖККК бөлүмүнүн башчысы М.Жумабаевдин айтымында, рейд балдар катышкан жол кырсыктардын санын азайтуу максатында уюштурулду. Аталган бөлүмдүн администрациялык иштер боюнча нускоочусу Ирлан Алиев тиешелүү кызматтардын кызматкерлери менен бирге мектептерди кыдырып, жол кырсыктарды алдын алуу тууралуу сабактарды өттү. Ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин одоно бузган 6 айдоочуга карата протокол түзүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1592
Көп окулду
×