Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.03.2018 09:20

Балыкчыдагы музыкалык мектептин окуучулары айымдарга концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы Б.Миңжылкыев атындагы музыкалык мектептин окуучулары жана мугалимдери 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата энелерге арналган концерт тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада мугалимдер жана окуучулар пианино, комуз, гитара, аккордеон, кыяк, ооз комуз, чопо чоордо ойноп, күүлөрдү чертип беришти. Ошондой эле, вокал сабагынын мугалими опералык ырларды аткарып берди.

Майрамдык иш-чарага шаардык кеңештин айым депутаттары да катышты. «Окуучулар элдик, дүйнөлүк, классикалык чыгармаларды аткарып жатышат. Бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Бардык аялзатын келе жаткан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик каалайм», - деди шаардык кеңештин депутаты С.Муканбетова.

Музыкалык мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы А.Калыгулованын айтымында, мектеп 1965-жылы түзүлгөн. Учурда 27 мугалим эмгектенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×