Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.03.2018 09:31

Түптө окуучулар арасында өткөн интеллектуалдык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Түп районунда 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата «Биз кыздардын келечеги үчүн» аталышындагы интеллектуалдык сынак өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын бири М.Мукамбетов аймактык кабарчыга билдиргендей, сынакта 2 мектептен келген 4 команда күч сынашты.

«Сынакта командалар өздөрүн тааныштыргандан кийин аялдардын, кыздардын укуктары, мыйзамдар, декларациялар боюнча суроолорго жооп беришти. Интеллектуалдык таймаш 6 тур менен өтүп, 1-орунду Карымшаков атындагы орто мектептин «Жарык келечек» командасы жеңип алды. Ал эми, 2-орунга Кайкин орто мектебинин «Байчечекей» командасы ээ болду. Төрт команданын ичинен 2 тайпа бирдей упай топтоп, 3-орунду бөлүшүп алды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси тапшырды», - деди ал.

Интеллектуалдык таймаш «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×