Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.03.2018 17:48

Караколдо болочоктогу юрист кыздар «Азамат» төш белгиси менен сыйланды

Turmush -  Каракол шаарындагы Юридикалык академияда билим алган 5 студент кызга «Азамат» төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуу жайдын жетекчиси Тилек Кылчыкбаевдин айтымында, төш белги мыкты окуган, маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышкан студент кыздарга берилди. Студент кыздар 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган иш-чарада сыйланышты.

Мындан тышкары, 10 студент кызга ардак грамота тапшырылып, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×