Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

«Жеңеке»: Тоңдук Гүлайым ырчы жигиттин клибине тартылгандан кийин ага турмушка чыккан (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына келин болгон 26 жаштагы Гүлайым Кымкарбек кызы. Анын жолдошу менен таанышуусуна чыгармачылык себеп болгон. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, турмушка 24 жашында чыккан.

«Ысык-Көл кооперация институтунун салык салуу жана салык саясаты бөлүмүн бүтүргөм. 2016-жылы жолдошум Ринат Сутеновго турмушка чыктым. Ошол эле жылы Москвага барып иштеп келип, өзүм окуп бүтүргөн кесибим боюнча иштөөнү чечтим. Тоң районунун салык башкармалыгында тажрыйба топтоп жүргөм. Бир күнү социалдык тармактагы баракчама "клипке тартылып бере аласызбы?" деген билдирүү келди. Мен дароо эле макул болдум. Клипке тартылганда жолдошумду көрүп, дароо эле жактырып калдым. Ошентип жолдошумдун «Карындаш» деген ырынын клибине тартылдым. Кийинчерээк ал менин ырларыма, талантыма баа берип, «Эркеме» деген ырыма обон жараткан. Ошол мезгилден бери мамилебиз жакшы болуп калды. Экөөбүздүн баш кошуп калуубузга социалдык тармак жана чыгармачылык себеп болгон. Экөөбүз клип тартылчу күнгө чейин көрүшкөн жокпуз, бирок кат жазышып жүрдүк. Бир күнү "сен абдан кайгыра берген кыз экенсиң, мага андайлар жакчу эмес, бирок сени жактырып калдым" деп айтты. Жашоо-турмуш жөнүндө сүйлөшүп жатып, кыз-жигит болуу сунушун киргизди. Мен бул сунушка макул болдум. Алгач аны үй-бүлөлүү деп ойлогом. Кийин үй-бүлөсү жок экенин билгенде абдан сүйүнгөнүм эсимде. Жаңы жылдын алдында Бишкекке клипке тартканы чакырып, ошондо үйлөнүүнү сунуш кылып, экөөбүз баш кошконбуз. Кыргызча салт менен үйлөндүк.

Жолдошум Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Учурда жеке ырчы, обончу, комузчу жана телеканалдарда үн режиссер болуп эмгектенет. Мындан тышкары, №51 гимназияда комуз ийримин жетектейт», - деди ал.

Гүлайым жеңе келиндик доордогу кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Жаңы баш кошкондо Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жер тамдагы бир бөлмөнү батирге алып жашачубуз. Ал жакта жарык бат-баттан өчүрүлчү. Ашкана, уктоочу жай баары ошол бир бөлмөнүн ичинде. Жолдошум экөөбүз базарга ээрчишип барып, каскан сатып алганбыз. Экөөбүздүн эң алгачкы сатып алган буюм же идишибиз ошол болгон. Манты түйүп, бышырып баштаганда электр жарыгы өчүп калды. Манты эзилип кетпесин деп жолдошум батирдин ээсинин үйүндөгү газга коюп келди. Сүйлөшүп отуруп мен жолдошумдун астына отуруп алгам. Сөзгө абдан берилип кетиптирбиз. Бир маалда эшик шарт ачылса мен ыргып туруп, бурчка отура калдым. Эмнеге мындай кадамга барганымды билбейм, коркуп кеттим. Кожойкебиз бышкан тамакты берип кеткенден кийин жолдошум экөөбүз тамак муздагыча күлгөнбүз.

Жолдошумду үйлөнгөнгө чейин байке деп көнүп калгам. Азыр да Ринат байке деп сүйлөсөм таң калышат. Бирок ата-энем, туугандардын көзүнчө байке дегенден тартынам. Бир жолу кайнатам келип, чай үстүндө кобурашып отурганбыз. Жолдошум жөнүндө айтып жатсам кайнатам түшүнбөй калып, "ким?" деп сурады. Мен Ринат байке деп айта албай сөөмөйүм менен "бул" деп көрсөткөнүм эсимде», - деди ал.

Гүлайым жеңе жолдошу менен бош убакта театр, китепканага барып, сейилдөөнү жактырат. Ал убактысынын көп бөлүгүн китеп окуу менен өткөрүп жатканын кошумчалады.

«Жолдошум экөөбүз достордой эле сүйлөшөбүз. Кыйынчылыктар тууралуу айтсам түшүнөт, кеңеш берет. Аталык милдетин аткарууга абдан аракет кылат, анын бул сапаты жагат. Жумуштарынан чарчайт, ошентсе да эшиктен киргенде күлүп кирет, аны көрүп ыраазы болуп, ага да ошондой мамиле кылам. Ал камкор жолдош жана мээримдүү ата. Бош убакытты чогуу өткөргөнгө аракет кылып, театрга, китепканага барабыз, сейилдейбиз, жаратылышта эс алабыз. Азыр бала менен үйдө дээрлик бош болгондуктан китеп окуйм, ыр жазам, бийлейм. Жолдошум бош убактысын китеп окуганга арнайт. Келечекте балама жакшы тарбия берип, бактылуу балалык тартуулагым келет. Негизги максатым — жан дүйнөмдү бактылуу кылуу. Акча, үй-жай, унаа сыяктуу нерселерди өзүбүзгө ыңгайлуу болуу үчүн гана күткүм келет. Биз аларга эмес, алар бизге кызмат кылса дейм. Энелик, жубайлык милдетимди толук аткарып, андан сырткары чыгармачылыкты өстүрүп, кайсы бир деңгээлде күйөрман, окурман, угармандарды тапсак экен дейм. Чыгармачылыкты акча табуу сыяктуу максатта эмес, ичтеги талантты жашырбай элге арноо максатында өстүргүм келет», - деди ал.

Ал Тоң районунун Темир-Канат айылында төрөлгөн. Учурда жолдошу экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4693
Көп окулду
×