Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.03.2018 12:13 На русском

Балыкчыда ак калпакчан жаштар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында кечээ, 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип, жаштар жөө жүрүш уюштурду.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, жөө жүрүшкө мектеп окуучулары, кесиптик окуу жайлардын студенттери жана коомдук жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Алар Ж.Абдрахманов көчөсүнөн баштап, мэриянын имаратынын алдына чейинки аралыкты жөө басып өтүштү. Жөө жүрүш жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үгүттөө, улуттук символикаларды жана улуттук баш кийимди даңазалоо максатында уюштурулду. Ага жалпы 300гө жакын адам катышты.

Иш-чара «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, улуттук символдор жана баш кийимдер боюнча сүрөт көргөзмөсү, сынактар менен улантылды. Салтанатка мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттар, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

«Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагынын жыйынтыгы:

- 1-орун — №10 мектептин окуучулары;

- 2-орун — №6 мектептин окуучулары;

- 3-орун — №8 мектептин окуучулары.

Сүрөт тартуу сынагынын жыйынтыгы:

- 1-орун — №4 мектептин окуучулары;

- 2-орун — №1 мектептин окуучулары;

- 3-орун — №2 мектептин окуучулары.

Жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×