Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Тоңдун Кара-Талаа айылында көлдүн жээгиндеги таштандылар тазаланды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы жээгинде таштандылар тазаланды. Бул тууралуу Кара-Талаа айылынын башчысы Бекмырза Желдекеев билдирди.

«Эскертүүлөр боюнча тазалоо иштерин жүргүздүк. Айыл тургундары, мектеп окуучулары менен биргеликте баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү өрттөп көмдүк. Бул жер мурун казылган карьер болчу. Жерди казып, таштандыны төгүп, ал толгондон кийин көмүп салчубуз. Жаз алды менен ишембиликтерди өткөрүп, тазалыкка көңүл буруп келебиз. Элге "силер да кайдыгер карабай, таштандыларды чуңкурдун ичине төгүп, желим бөтөлкө, баштыктарды үйдөн эле өрттөп салсаңар" дейт элем. "Сен таза болсоң мен таза болсо коом да таза болот" деген сөздү эсибизден чыгарбасак», - деди ал.

Улахол айылдык кеңешинин депутаты Максат Түмөнбаевдин айтымында, тазалоо иштери 3 күндөн бери аткарылып жатат.

«Өзүбүз дотацияда отурган айыл өкмөтпүз. Таштандыны кайра иштетүүчү станок куруп берсе, мындай көйгөйлөр чечилет эле. Өлкө башчыбыз Аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилеп кеткендей, аймактарга жакшы көңүл бурулуп, олуттуу иштер иш жүзүнө ашса деген үмүттөбүз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1239
Көп окулду
×