Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.03.2018 08:22 На русском

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк С.Асаналиев Австралиядан алынып келген ак койлорду багууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын тургуну Сапарбек Асаналиев ата жолун улап мал багуу менен алек. Аймактык кабарчы чабандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, атасы Сагындык Оргочор айылындагы асыл тукум кой чарбасын түптөгөндөрдүн бири болгон. Өз учурунда уяң жүндүү ак койлорду багып, пландарды ашыгы менен аткарып турган. Атасынын жолун улап, 2003-жылы «Сагындык ата» асыл тукум кой чарбасын негиздеди. Чарбада меринос тукумундагы 200дөн ашуун койлор багылууда.

Өткөн жылы ак койго болгон суроо-талап арбын болгон. Облустун ар кайсы айылдарынан, ал тургай башка облустардан да келип, андан ак койлордун козуларын сатып алып кетишет. Чарбадагы ак койлор Австралиядан алынып келген. Алардын ар бири 4 кг чейин жүн берет. Азыркы тапта жүндүн 1 кг 300 сомдон алууга буйрутмалар түшүп жатат. Чарбада 5 адам иш менен камсыз болгон. Жайында кой кыркуу маалында айыл тургундарын да убактылуу иш менен камсыз кылат.

Чабан койлордон тышкары асыл тукум жылкыларды багууну көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×