Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык Мырзайым буйрутма менен кагаздан гүл жасап, кошумча киреше табууда (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 23 жаштагы тургуну Мырзайым Казыбек кызы гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап сатат. Аймактык кабарчы кол өнөрчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы медициналык колледжде фармацевтика тармагында билим алган.

«Кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен алектенгениме 2 ай болду. Кагаздан гүлдөрдү жасоону тааныш эжеден үйрөндүм. Үйдө эки баламды карап отуруп, кызыгып жасап көрүүнү чечтим. Биринчи жасаганда эле абдан жакты. Ошол убактан бери гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап жатам. Окуучулук мезгилде сайма сайып, апама жардам берип жүрдүм. Негизи кол өнөрчүлүккө кызыгам. Бир гүлдү 2-3 саатта жасоого болот. Эң негизгиси гүлдү жасалгалоого жабыштыргыч, жип, таякча, куту жана кайчы керектелет. Атайын ылайыктуу формаларды кесип, андан кийин өзүмдүн фантазияма жараша кооздоп баштайм. Баары бүткөндөн кийин аны пенопласттын үстүнө жайгаштырам. Көп убакыт талап кылбаганы менен абдан кылдат болуу керек», - деди ал.

Мырзайым гүлдөрдү 450 сомдон жогору баалайт.

«Гүлдөрдү кардарлардын каалоосуна жараша жасап берем. Көбүнчө эжелер, байкелер жана жаш балдар буйрутма беришет. Ал эми, калган гүлдөрдү дүкөндөргө сатыкка коем. Жакында чоң гүлдөрдү жасоону пландап жатам. Ошондой эле, келечекте өз кесибим менен иштөөнү максат кылам», - деди ал.

Чебер айым 2 уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2637
Көп окулду
×