Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.03.2018 20:43

Жети-Өгүздө балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жолдору талкууланды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда кылмыштуулуктун алдын алуу жолдору талкууланды. Бул тууралуу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Г.Жаанбаева билдирди.

Талкууга акимдин биринчи орун басары У.Далиев, балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Т.Ишебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жумашева, Дархан айылындагы 2 мектептин жогорку классынын окуучулары менен мугалимдер жамааты жана ата-энелер катышты.

Г.Жаанбаеванын айтымында, жыйында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланып, катышуучулар өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Ошондой эле, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жана аксакалдар кеңешинин төрагасы тарабынан ата-энелерге балдарын көзөмөлдөө боюнча кеңештер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×