Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн тургуну жаратылыштын адамдар байкабаган сулуулугун сүрөткө тартат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 66 жаштагы тургуну Халип Иван Иванович 35 жылдан бери сүйгөн иши менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 35 жыл мурун алгачкы жолу колуна фотоаппарат алып, сүрөт таркан соң бул иш менен өмүр бою алектенерине ишеним пайда болгон. Ал өзгөчө жаратылыштын кооздугун тартканды жактырат.

«Өлкөбүздүн жаратылышы өзгөчө кооз, аны сүрөткө тартканды жактырам. Андай кооздукту көргөндө айрым адамдар "бизде ушундай жерлер барбы?" деп таң калышат. Кээ бирлер өздөрү жашаган жердин сулуулугун байкашпайт», - дейт ал.

Ал тарткан сүрөттөрүн өз айылынын аймагындагы эс алуу жайларынын бирине көргөзмөгө коёрун жана сатып алгандар көп экенин, сүйүктүү иши аркылуу жетиштүү каражат табарын белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1640
Көп окулду
×