Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.03.2018 13:52

Бостеридеги жаңы спорт залга жабдыктар берилди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда спорттун дзюдо түрүн өнүктүрүү маселеси талкууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечээ, 1-мартта Дзюдо федерациясынын жетекчилиги Ысык-Көл облусунун аймактарындагы машыктыруучулар менен жолугуп, спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев жана машыктыруучулар Бостери айылында жаңы ачылган спорт залда болушуп, күрөшүүгө зарыл болгон серпилгич килемдерди (татами) тапшырышты.

Бостери айылында жаңы ачылган залда дзюдо боюнча 150 өспүрүм машыгып келет. Дзюдо боюнча федерациясынын өкүлдөрү мындай серпилгич килемдер Ысык-Көл облусунун бардык спорт залдарына кезеги менен берилерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×