Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Баңгизат менен кармалды делген палестиналык студенттин досу милиционерлер пара талап кылганын айтууда (фото, видео)

Turmush -  Каракол шаарында баңгизат менен кармалды делген Палестинадан келген студент Фади Абдумаяалеханын досу Опайда Рияд Аль Казаки президентке кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта АКИpress-Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, досу Бишкек шаарынан 26-февралда кармалып келип, учурда Каракол шаарындагы №3 абакта жатат. Ал досу мыйзамсыз айыпталып, андан милиция кызматкерлери пара талап кылып жатканын билдирди.

Мындан улам ал президент С.Жээнбековго, өкмөткө жана акыйкатчыга, Ысык-Көл облусунун прокуратурасына кайрылып, алардын укуктарын коргоп, №3 СИЗОдо жаткан досунун коопсуздугун камсыздап беришин суранууда.

«Окуя 2017-жылдын 19-сентябрында болгон. Ошол күнү досум Фади Абдумаяалеха жана Сауд Арабиясынан келген 3 турист Ак-Суу районундагы тоодон ижарага алынган унаа менен келе жатышкан. Каракол шаарынын кире беришине келгенде саат 22:30 чамасында милиция кызматкерлери тосгон. Алар формасы жок болгон жана өздөрүн тастыктаган документтерин, унааны текшерүүгө боло турган уруксат документтерин көрсөткөн эмес. Чөнтөктөрүн текшерип, акчалары бар экенин көрүшкөн. Бирок, жеке текшерүүдө эч нерсе табышкан эмес. Андан кийин унааны текшеришкен, ошондо унаада турган барсеткага милиция кызматкери ак салфетканы салганын Фади (досу) көрүп, ал эмне экен деп алып чыккан. Ошол милиционер анын колунан салфетканы алып, баңгизат тапканын айтып баштаган. Ошол маалда милиционерлер ишти жеринде бүтүрүүнү сунуштап, пара талап кылышкан. Бирок досторум андан баш тартышкан, анткени баңгизат алардыкы болгон эмес.

Ошентип аларды Каракол ШИИБге алып келишип, 20 саатка жакын кармашкан. Алардын арасында кан басымы жогору 60 жаштагы адам да болгон, аларды басынтып, 3 миң доллар берүүнү талап кылышкан. Андан кийин тергөөчү документке кол койгула, ишти жабалы, кол коюп үйгө кете бергиле деп айткан. Алар кол коюп, үйлөрүнө кеткен. Сауд Арабиясынан келген туристтер эки күндөн кийин учуп кетишкен. Ал эми досум Фади Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде студент болгондуктан ал жерде калган. Ошол маалда ага карата Караколдо кылмыш иши козголуптур. Сот болуп, эки жолку отурумга тең ал сот болоору тууралуу маалыматы жок болгондуктан келген эмес. Ал эми үчүнчү соттук отурумда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, аны Бишкектен кармап, Караколго алып келишкен. Алар орусча билбегенине карабай, аларга котормочу жана жактоочу берген эмес», - дейт ал.

Ошондой эле, ал экспертиза жүргүзүүдө досунун колу гана текшерилип, заарасы текшерилбегенин кошумчалады.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов алар айтып жаткан пара алуу, кыйноо фактылары чындыкка дал келберин айтты.

«19-сентябрда оперативдүү маалыматтын негизинде Палестина жараны кармалган. Анын кийиминен гашиш табылып, баардыгы мыйзам чегинде күбөлөрдүн катышуусунда кармалган. Экспертиза жасалып, колунан баңгизаты чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Тергөө бүткүчө сот аны эч жакка кетпөөсүн айтып, үй камагына чыгарган. Бирок шектүү соттук отурумдарга келбегендиктен, баш коргоо чарасы алмаштырылып, ал камакка алынды. Ал эми ал келтирип жаткан пара алуу, коркутуу, кыйноо фактылары жалган. Андай факты болсо, алар ошол эле маалда прокуратурага кайрылмак. Качан баары мыйзамдуу тергелип, иш сотко өткөндө гана пара алуу туралуу айтып баштады. Бул жөн гана коомчулукта тескери пикир жаратуу болууда», - дейт катчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4260
Көп окулду
×