Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.03.2018 16:23

Жети-Өгүздүн эли Боз-Бешик айылына баруучу жолдун оңдолбогонуна нааразы (фото, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылына баруучу 14 чакырым жол күз мезгилинен бери сүрүлбөй жатканына жергиликтүү тургундар нааразы.

Алардын айтымында, жай мезгилинде «Марко-Поло» эс алуу жайына да каттагандар арбын, жайкысын жол сүрүлбөй чаңдайт. Бул каттамдан жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.

«№35 жол тейлөө мекемеси күз мезгилинен бери тиешелүү иштерди жүргүзбөй келет», - дешти алар.

Ал эми аталган ишкананын жетекчиси жаңы дайындалганын айтып, кышында кардан тазалоо иши жүргүзүлөрүн белгиледи.

Түп районунун тургуну Чынара Акунова дайыма Боз-Бешик айылындагы туугандарына каттап турарын жана жолдун абалы начар экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×