Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Фото — Ананьев айылында славян элинин Масленица майрамы өткөрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылында кечээ, 25-февралда славян элинин жаздын келишине арналган Масленица майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Болот Тыналиевдин айтымында, айылда 56 этностун өкүлү жашайт. Майрамдык иш-чарага казак, уйгур, татар, орус, өзбек, азербайжан жана башка этностун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундары тыйын эңмей сыяктуу сынактарга катышып, элдик ырлар ырдалып жана бий уюштурулду. Сынакка катышкан ар бир катышуучуга грамота жана сыйлык тапшырылды.

Ананьев айылында 12 миңден ашык тургун жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Көп окулду
×