Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 26.02.2018 13:39

Чолпон-Атада мэрдин кубогуна арналган каратэ-до боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында мэрдин кубогуна арналган өспүрүмдөр арасындагы каратэ-до боюнча облустук турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Турнирге Ысык-Көл облусунун аймагынан 9 команда жана Бишкек, Кара-Балта шаарларынын командалары катышты. Спортчулар ар кандай салмак даража боюнча күч сынашкан.

Турнирдин жыйынтыгында 1-2-орундарды Каракол шаарынын, ал эми 3-орунду Бишкек шаарынын командалары багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×